Угур Шахин рак оорусуна каршы аакцина тууралуу билдирди
BioNTech компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири профессор доктор Угур Шахин чыгарган ракка каршы вакцинадан үмүттүү экендерин айтты.
BioNTech компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири профессор доктор Угур Шахин чыгарган ракка каршы вакцинадан үмүттүү экендерин айтты.
Рактын түрлөрү боюнча клиникалык изилдөөлөрдөн оң натыйжа алгандарын айткан Угур Шахин, ушул убакка чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө кээ бир бейтаптарда шишиктердин кичирейгенин байкашкандарын баса белгиледи.
Катуу шишиктерди да туура эмдөө комбинациясы менен дарыласа болорун баса белгилеген Шахин, шишиктерди кичирейтүүнү гана эмес, кичирейүүнү туруктуу кылууну да максат кылгандарын айтты.
Шахин дарылоонун «ишенимдүүлүгүнө» да көңүлдөрдү буруп, бул тууралуу «толкундандыруучу» деп мүнөздөдү.
Ракты дарылоочу вакцина колдонула турган абалга келгенге чейин үч –төрт жыл талап кылынышы мүмкүн экени айтылууда.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.