Чавушоглу ирандык кесиптеши менен сүйлөштү

Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахиян коронавирус жуктуруп алган.

1731373
Чавушоглу ирандык кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Чавушоглу сүйлөшүүдө коронавирустун жаңы түрүн (Ковид-19) жуктуруп алган ирандык кесиптешине жакшы каалоолорун айтты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде 2-ноябрдагы билдирүүсүндө, Абдуллахиандын Ковид-19 тестинен вирус аныкталганын кабарлаган эле.



Тектеш кабарлар