Акар: «Армения кастыкты токтотуп, келечекке карашы керек»

Акар Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен Азербайжанга барды.

1730831
Акар: «Армения кастыкты токтотуп, келечекке карашы керек»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Эми баары кек сактоо жана жек көрүүнүн негизинде келечек курууга болбостугун билиши керек. Армения кастыкты токтотуп, келечекке карашы керек»,-деди.

Акар Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен Азербайжанга барды.

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов жана башка расмий адамдар тарабынан борбор шаар Бакуда тосуп алынган Акар жана командирлер аэропорттон «Гейдар Алиев» атындагы маданият борборуна барышып, «8-ноябрь Жеңиш майрамы» үчүн уюштурулган майрамдык программага катышты.

Баатыр Азербайжан армиясынын бул жеңишине 44 күндүк күрөштөн кийин гана эмес, 30 жылдык өжөрлүк, ишеним жана чечкиндүүлүктүн натыйжасында жеткенин баса белгилеген министр Акар: «Бул жөн эле Арменияга каршы жеңиш эмес, бул жеңиш адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка көз жумуп, жылдар бою унчукпай отургандарга эң жакшы жооп болду.

Ар дайымкыдай кубанычың кубанычыбыз, кайгың кайгыбыз деп билген кымбаттуу туугандарыбыздын бул адилеттүү күрөшүндө сиздер менен биргебиз. Анткени биз чоң чынардын бутактары сыяктуу бир тамырдан, бир сөңгөктөн азыктанганбыз, биз улуу элдин уулдарыбыз»,-деди.

Түркия башынан кечирген апаат жана өзгөчө кырдаалдарда Азербайжан элинин бардык мүмкүнчүлүгү менен жардам колун сунганын эске салган Акар: «Азербайжан менен Түркиянын боордоштугу түбөлүктөн келип, түбөлүккө созулаарын бүт дүйнө билиши керек. Кечээ ушундай болгон, бүгүн да ушундай, эртең да ушундай болот. Урмуттуу президент Илхам Алиев мырза жана урматтуу Президентибиз келечек муундарга тынчтыкты мураска калтыруу үчүн абдан конструктивдүү мамилени көрсөтүп, кызматташтыкка негизделген жаңы доордун эшигин ачты.

Биз Армениянын бийликтери учурдагы саясатын четке кагып, бул тарыхый мүмкүнчүлүктү, анын ичинде биздин  Алтылык платформа сунушубузду колдонорун күтөбүз. Келечекти кек сактоо  жана жек көрүү менен курууга болбостугун ар бир адам билиши керек. Армения кастыктан баш тартып, келечекке карашы керек. Бул түшүнүк менен тарыхый жоопкерчилигибиздин алкагында аймагыбызда тынчтык, бейпилдик жана ырааттуулук үчүн аракетибизди улантабыз»,-деди.

Акар өз сөзүндө Карабах маселесинде ар дайым Азербайжандын жанында болгон Пакистанга да ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар