Сойлу: «Улуттук кирешесине жараша дүйнөдө эң көп гуманитардык жардам берген өлкө-Түркия»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Анкаранын Кызылчахамам районунда өткөрүлгөн «Стратегияны өнүктүрүү башкармалыгы 2021 Ачык эшик окуу жыйналышында» сөз сүйлөдү.

1727702
Сойлу: «Улуттук кирешесине жараша дүйнөдө эң көп гуманитардык жардам берген өлкө-Түркия»

Түркиянын акыркы 4 жылда улуттук кирешесине караганда дүйнөдө эң көп жардам берген өлкө болгону билдирилди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Анкаранын Кызылжахамам районунда өткөрүлгөн «Стратегияны өнүктүрүү башкармалыгы 2021 Ачык эшик окуу жыйналышында» сөз сүйлөп, дүйнөдө жашоо барган сайын татаалдашып баратканын, шаарлардын, мамлекеттердин, муктаждыктардын, күтүүлөрдүн жана коркунучтардын барган сайын чоңойгон дүйнөдө, жүзү жылмайган кишиге, кыраакы акылга, жөнөкөйлүккө, ак ниеттикке жана ишти жеңилдеткен адамдарга мурдагыдан да көбүрөөк муктаждык бар экенин белгиледи.

Түркия катары бул темада өз милдеттерин аткарууга аракет кылгандарын белгилеген Сойлу: «Өлкөбүздө өлүмдөн качкан миллиондогон адамдарды кучак жайып тосуп алдык. Ким эмне десе да, ар кандай кыйынчылык, чыгым болсо дагы башка иш кылууга абийирибиз жол бербейт. Биз абийири таш капкан эл эмеспиз»,- деди.

Жыл сайын жарыяланган Глобалдык гуманитардык жардам отчетуна караганда Түркиянын акыркы 4 жылда улуттук кирешесине жараша дүйнөдө эң көп жардам берген өлкө болгонун эске салган Сойлу: «(Түркия) 2020-жылы сан жагынан Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) кийинки эле экинчи орунду ээледи. Бул бир гана каржылык күчкө байланыштуу эмес. Бул биздин күчүбүз менен бирге адамдык сапаттарыбызга  байланыштуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар