Эрдоган : "Африкада миллиондогон адамды кыргандар Түркияга сабак бере албайт"

Президент Эрдоган ЭскишехирСоода палатасынын конгресс борборунда лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын  Эскишехир кеңейтилген облустук кеңешме жыйынына катышты.

1723889
Эрдоган : "Африкада миллиондогон адамды кыргандар Түркияга сабак бере албайт"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Африкада миллиондогон адамды кыргандардын Түркияга адамзат сабагын бере албасын айтты.

Президент Эрдоган ЭскишехирСоода палатасынын конгресс борборунда лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын  Эскишехир кеңейтилген облустук кеңешме жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө 19 жылдын ичинде бардык кыйынчылыктарды өткөргөндөй эле, 2023-жылы (Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 – жылында) максаттарына жетишерин айтты.

Дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын бири болуу максатына жете тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Ушул максатта темпибизди басаңдатпай иштөөнү улантабыз», - деди.

Түрк экономикасын инвестиция, өнүрүш, экспорт жана жумуш менен камсыздоо боюнча жогорулатуу үчүн өлкө ичинде жана өлкө тышында аракет кылгандарын баса белгилеген Эрдоган : «Ушул максатта жуманын башынан бери 3 өлкөнү камтыган 4 күндүк Африка сапарына чыктык»,- деди.

Түркия жөнүндө сөз кылгандар менен иш кылбагандарын баса белгилеген Эрдоган: «Алжирде 1 миллион адамды кырдырткан силер эмессиңерби? Нигерияда 1 миллион адамды өлтүрдүңөр. Ким булар! Фоанция. Булар бизге адамзаттык сабак бере албайт. Булар оболу адамдгерчиликти үйрөнүшү керек. Кайдан, Түркиядан үйрөнүүлөрү керек. Анткени бизди Африка саясатыбыздан сындагандарга ылайык болгон жоопту бизден мурда африкалык боордошторум берип жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар