Президент Түрк Кеңешинин Медиа форумуна видеоконференция аркылуу катышты

Президент Р. Т. Эрдоган «Коргонуу өнөр жайы жана аскердик темаларда чет элдиктерге кандай көз каранды болбогон болсок, коммуникация маселесин да башкараларга тапшыра албайбыз».

1723632
Президент Түрк Кеңешинин Медиа форумуна видеоконференция аркылуу катышты

 Президент Р. Т. Эрдоган «Коргонуу өнөр жайы жана аскердик темаларда чет элдиктерге кандай көз каранды болбогон болсок, коммуникация маселесин да башкараларга тапшыра албайбыз»,- деди.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы өткөрүп жаткан «Тектүү өткөн күн, күчтүү келечек» деген темадагы «Түрк Кеңешинин Медиа форуму» Стамбулда башталды жана президент Эрдоган форумга видеоконференция аркылуу катышып буларды айтты : «Санариптик фашизмдин кыйратуучу таасиринен канчалык өнүксө да эч бир өлкө жана коом эркин боло албайт. Түрк дүйнөсү санариптик фашизм менен бирге эл аралык медианын кош стандарттарынан да жапа чегүүдө. Өзгөчө 44 күнгө созулган Тоолуу Карабах согушунда күбө болгон эки жүздүүлүк өлкөлөрүбүз үчүн маанисин ортого салды.

Армения армиясынын жарандарды бутага алган кыргын жана баллистикалык ракета кол салуулары эч күн тартибине келген жок. Медиа көз карандысыздыгы жана объективдүүлүгү тууралуу сөз кылган эл аралык маалымат каражаттары Армениянын расмий маалымат агенттиги катары иш алып барышты".

"Карабах согушу биздин өлкөлөр жана түрк дүйнөсү жөнүндөгү фактыларга каршы пресс - эмбаргонун биринчи же акыркы мисалы эмес",- деген президент : "Биз тарыхыбызга, улуттук коопсуздугубузга жана улутубуздун баалуулуктарына багытталган көптөгөн маселелерде өзгөчө геноцид деп аталган дооматтар менен кездешүүдөбүз. Тажрыйбаларыбыздан бул чындыкты ачык жана так көрө алабыз. Коргонуу өнөр жайы жана аскердик маселелерде чет элдиктерге толугу менен көз каранды болбогондой эле, коммуникацияны да башкаларга таштай албайбыз. Батыштык көз караш менен бизге дайыма адам укуктары, демократия жана эркиндик сабагын бергендердин абийири менен кесиптик этикасына ишене албайбыз. Башка стратегиялык маселелерде болгондой эле медиа жана коммуникация тууралуу да өз киндигибизди өзүбүз кесишибиз керек»,- деди.

Эрдоган : "Түрк дүйнөсү катары бул тармакта демилге көтөрүп, тажрыйба бөлүшүп, күчтөрдү бириктирип, колубуздагы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануунун жолдорун издешибиз керек. "Тамырлуу тарых, күчтүү келечек"  деген темада өткөрүп жаткан форумдун бизге бул жерде күчтүү бир платформа алып келерине ишенебиз. Форум менен түрк дүйнөсүндөгү тилектештикти өнүктүрүүнү, бири - бирибизге болгон ишенимди бекемдөөнү жана жалган кабарлар менен күрөшүү, маалымат коопсуздугу, улуттук маалымат технологияларынын кыймылы, кино жана сериал долбоорлору сыяктуу кызматташтыкты улантууну каалайбыз. Кыйын мезгилде жана таасирдүү адамдардын катышуусунда уюштурулган форум бизди максаттарыбызга дагы бир кадам жакындатат деп ишенем”,- деди.



Тектеш кабарлар