Эрдоган Нигерияда кесиптеши менен жолугушту

Президент Эрдоган Африка өлкөлөрүнө (Ангола жана Того) сапарынын үчүнчү аялдамасы болгон Абужада Нигериянын президенти Мухаммад Бухари менен биргелешкен пресс-конференция өткөрдү.

1722539
Эрдоган Нигерияда кесиптеши менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын коргоо өнөр жайы мүмкүнчүлүктөрүн Нигерия менен бөлүшүүгө даяр экенин айтты.

Президент Эрдоган Африка өлкөлөрүнө (Ангола жана Того) сапарынын үчүнчү аялдамасы болгон Абужада Нигериянын президенти Мухаммад Бухари менен биргелешкен пресс-конференция өткөрдү.

Эрдоган Бухари менен болгон жолугушууларында Түркия-Нигерия карым-катнаштарын ар тараптан карап чыгышканын жана карым-катнаштарды ар бир тармакта кантип алдыга жылдыра алары тууралуу пикир алмашкандарын айтты.

Түркиянын Африка менен карым-катнаштарын ылдамдатышкандарын билдирген Эрдоган: «Африкадагы элчиликтерибиздин саны 43кө жетти. 21-22-октябрда Түркия-Африка бизнес форумунун үчүнчүсүн Стамбулда өткөрөбүз. Андан кийин 17-18-декабрда Стамбулда 3-Түркия-Африка өнөктөштүк саммитине кожоюндук кылабыз»,-деди.

Көптөгөн нигериялык жаштардын Түркиядагы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы университеттерде окуп жатышканына жана ушундан улам Түркия стипендиясынан пайдалангандарына өзгөчө кубангандарын баса белгилеген Эрдоган: «Биз коргоо өнөр жайы жана коопсуздук жаатында дүйнө жүзү боюнча мактоого арзыган мүмкүнчүлүк жана жөндөмдөрүбүздү Нигерия менен бөлүшүүгө даярбыз»,-деп айтты.

Түркиянын террор менен күрөшүүдөгү сезимталдыгынын Нигерия органдары тарабынан да жооп алаарына ишенишкендерин белгилеген Эрдоган: «Түркияда көптөгөн жылдар бою ПКК, ПЙД, Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТО), ДЕАШ баш болгон ар кандай террордук уюмдарга каршы күрөштүк. 2016-жылдын 15-июлунда чыккынчылык төңкөрүш аракетин жасаган ФЕТӨнүн Нигерияда улантып жаткан мыйзамсыз иштер тууралуу Нигерия жетекчилиги менен керектүү маалыматты бөлүшүүнү улантуудабыз»,- деп кошумчалады.

Нигериянын президенти Бухари да өз сөзүндө: «Биз энергетика, коргонуу өнөр жайы, тоо-кен жана көмүр суутеги жаатында келишимдерге кол койдук. Бул келишим тезирээк ишке ашат деп үмүттөнөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар