Эрдоган Анголанын президенти Лоуренсо менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Президент Эрдоган, Африка сапарынын биринчи аялдамасы Анголанын борбору Луандадагы Президенттик сарайда президент Жоао Мануэль Гонсалвес Лоуренсо тарабынан расмий азем менен тосулду.

1721295
Эрдоган Анголанын президенти Лоуренсо менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
erdogan angola.jpg

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 21-22-октябрда Стамбулда 3-Түркия-Африка иш форумун уюштура тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Африка сапарынын биринчи аялдамасы Анголанын борбору Луандадагы Президенттик сарайда президент Жоао Мануэль Гонсалвес Лоуренсо тарабынан расмий азем менен тосулду.

Салтанаттан кийин эки президент бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүп, андан соң биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Президент Эрдоган Лоуренсо менен коргонуу өнөр жайы жана террорго каршы күрөшүү темаларын сүйлөшкөндөрүн, Африканын көйгөйлөрүнө Африка тараптан чечимдерди табууну, тилектештик жана утуш ыкмасын ишке ашырууну талкуулашкандарын айтты.

21-22-октябрда Стамбулда 3-Түркия-Африка иш форумун уюштура тургандарын белгилеген Эрдоган: «17-18-декабрда Стамбулда 3-Түркия-Африка Өнөктөштүк Саммитин өткөрөбүз. Ошондой эле келерки жылдын 11-13-мартында уюштура турган Анталия Дипломатия Форумуна катышууңуздан өзгөчө кубанычта болобуз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Транспорттон айыл чарбасына, кайра жаралуучу энергияга, саламаттык сактоого, текстилге, электр энергиясына жана турак жай долбоорлоруна чейинки кеңири чөйрөдөгү маанилүү компаниялардын конкреттүү иштери, эки тараптуу мамилелерибизди өнүктүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздүн натыйжасы»,-деди. 12 -октябрдан тарта Түркиядан Анголага түз каттамдар башталганын эске салган Эрдоган, ошондой эле виза маселесинде жасала турган кадамдардын адамдардын жана продукциялардын кыймылын жогорулатарын айтты.

Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясынын глобалдык аренада кызматташуунун канчалык маанилүү экенин көрсөткөнүн айткан Эрдоган, Түркиянын жеке секторунун оорукана куруу жана дары-дармек өндүрүшүндө кызматташууга даяр экенин билдирди.

Эрдоган делегациялар ортосундагы жолугушуунун эки өлкөнүн ортосунда жаңы процесстин башталышына себепчи болушун каалады.

Президент Эрдоган Ангола парламентинде сөз сүйлөп, доктор Антонио Агостиньо Нетонун эстелигин зыярат кылат жана тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEIK) тарабынан уюштурула турган Ангола-Түркия иш форумуна катышат.



Тектеш кабарлар