Түркия менен Азербайжан жаратылыш газ келишимине кол койду

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Азербайжан менен 11 миллиард метр куб жаратылыш газ  келишимине кол коюлгандыгын билдирди.

1720170
Түркия менен  Азербайжан  жаратылыш газ келишимине кол койду

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Азербайжан менен 2024 - жылдын аягына чейин күчүндө боло турган кошумча 11 миллиард метр куб жаратылыш газ  келишимине кол коюлгандыгын билдирди.

Дөнмез жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркиянын кошумча жаратылыш газын өткөрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Түркиянын ийгиликтүү энергия дипломатиясын жүргүзүп, дүйнөнүн олуттуу кризиси менен беттешкен мезгилди кыйынчылыксыз өткөрөрүн баса белгилеген Дөнмез : «Кыш жакындаган сайын көбөйүшү мүмкүн болгон жаратылыш газына болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантуу позитивдүү түрдө жүрүп жатат. Чындыгында, биз газ өткөргөн өлкөлөрдүн башкаруучулары Түркияга жеткирилүүчү газдын көбөйөрүн билдиришти. Ушунун негизинде Азербайжан менен  2024 - жылдын аягына чейин жарактуу боло турган жана Баку -Тбилиси - Эрзурум линиясынан  келе турган 11 миллиард метр куб кошумча жаратылыш газ келишими түзүлдү»,- деди.

 



Тектеш кабарлар