TURKOVACтын Дельта вариантына таасири боюнча изилдөөлөрдө вирус изоляция кылынды

Кайсеридеги Эржиес университетинин ректору проф. др. Мустафа Чалыш билдирүү жасады.

1719469
TURKOVACтын Дельта вариантына таасири боюнча изилдөөлөрдө вирус изоляция кылынды

Коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан ата мекендик вакцина TURKOVACтын Дельта вариантына карата таасири боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө вирус изоляция кылынды.

Кайсеридеги Эржиес университетинин ректору проф. др. Мустафа Чалыш өз билдирүүсүндө, университетте иштелип чыккан TURKOVAC вакцинасынын Ковид-19дун Дельта вариантына тийгизген таасири жөнүндө: «Дельта вариантын изоляция кылдык»,-деди.

Чалыш TURKOVAC вакцинасынын британиялык (Альфа) вариантына каршы 100 пайыз эффективдүү экенин мурунку изилдөөсүндө көрсөткөндөрүн эске салды.

Дельта варианты боюнча да иштей башташкандарын айткан Чалыш: «Биз Дельта вариантын изоляция кылдык. Дельта вариантына каршы TURKOVAC вакцинасынын эффективдүүлүгүн иликтеп жатабыз. Изилдөөлөрүбүз уланууда. Буйруса тезирээк бүтөт деп үмүттөнөбүз. Альфа вариантындагыдай мында да натыйжалуу болушун күтүүдөбүз. Биздин команда тез иштеп жатат, балким бир айдын ичинде Delta вариантына TURKOVACтын тийгизген таасирин көрсөтө алабыз»,- деди.

Чалыш TURKOVAC вакцинасы боюнча 3-фаза изилдөөлөрүнүн болсо уланып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар