TURKOVACтын үчүнчү доза сыноолору

Министр Кожа, социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, TURKOVACтын үчүнчү доза сыноолору үчүн ыктыярчы болууга чакырды.

1719159
TURKOVACтын үчүнчү доза сыноолору

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, ата мекендик коронавирус (Ковид-19) вакцинасы TURKOVACты Түркиянын кызматына тартуулоого даярданып жатышканын билдирди.

Министр Кожа социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, TURKOVACтын үчүнчү доза сыноолору үчүн ыктыярчы болууга чакырып: «Буга чейин эки доза вакцина алган, Ковид-19 менен оорубаган жана ден соолугу чың 18-59 жаштагылар бизге колдоо көрсөтө алышат. Үчүнчү доза вакцинаны тандоо каалоого жараша. Бирок колдоо ата мекендик вакцина TURKOVACта болсо кеминде 3 миң адам TURKOVACты тандашы керек»,-деп айтты.

Кожанын билдирүүсүнүн астындагы плакатта "Үчүнчү дозаны сиз тандаган вакцина менен алыңыз TURKOVAC массалык өндүрүшкө кирсин" деген урааны киргизилген.

Эскертүү дозасын TURKOVAC менен алууну каалагандар "enabiz.gov.tr" дарегине кайрылып, толук маалыматты ALO 184 линиясынан ала алышат.

Эмдөөлөр шаардык ооруканала менен бирге 41 борбордо жүргүзүлөт.



Тектеш кабарлар