Мальта эл аралык аба көргөзмөсүндө Солотүрктүн маневрлары кызыгуу жаратты

Мальта аралында жыл сайын сентябрда өтө турган Эл аралык аба көргөзмөсүнүн быйылкы уюштуруусуна Түрк аба күчтөрүнүн F-16 согуштук учагы менен бир кишилик шоу көрсөткөн SOLOTÜRK командасы да катышты.

1710545
Мальта эл аралык аба көргөзмөсүндө Солотүрктүн маневрлары кызыгуу жаратты

Түрк аба күчтөрүнүн аэробатикалык командасы SOLOTÜRK, 26 -Эл аралык Мальта аба көргөзмөсүндө кызыктуу учууларын ишке ашырды.

Мальта аралында жыл сайын сентябрда өтө турган Эл аралык аба көргөзмөсүнүн быйылкы уюштуруусуна,  быйыл түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгын белгилеген Түрк аба күчтөрүнүн F-16 согуштук учагы менен бир кишилик шоу көрсөткөн SOLOTÜRK командасы да катышты.

Уюштуруунун биринчи күнүндө аралдын асманында сахнага чыккан аба учкучу капитан Сердар Догандын жетекчилиги астындагы SOLOTÜRK, көрсөтүүсү менен мальталыктардын суктануусуна ээ болду.

Көрүүчүлөр SOLOTÜRKтүн маневрлерин толкундануу менен байкап, алар көп учурда кол чаап турушту.

Түркиянын Валеттадагы элчиси Керем Кыратлы да SOLOTÜRK командасынын учуусун байкады.



Тектеш кабарлар