Азиз Санжар: «Вакцинага каршы болуу логикага сыйбаган мамиле»

Азиз Санжар Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңешинин (TÜBİTAK) вакциналарды жана дарыларды иштеп чыгуучу илимпоздору менен Кожаели шаарында жолугушту.

1710586
Азиз Санжар: «Вакцинага каршы болуу логикага сыйбаган мамиле»

Нобель сыйлыгынын лауреаты, илимпоз профессор, доктор Азиз Санжар вакцинага каршы болуу логикага сыйбаган мамиле экенин баса белгилеп, мыйзам мажбурлабаса дагы эмделүү керек экенин айтты.

Азиз Санжар Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңешинин (TÜBİTAK) вакциналарды жана дарыларды иштеп чыгуучу илимпоздору менен Кожаели шаарында жолугушту.

«Түркиядагы вакцина изилдөөлөрү тууралуу маалымат алдыңыз. Вакцина изилдөөлөрү жеткен чекитке кандай баа бересиз?» деген суроо боюнча Санжар: «Мен муну абдан ийгиликтүү деп таптым. Кээ бирлери жөнүндө билчүмүн, бирок майда -чүйдөсүнө чейин билчү эмесмин. Чындыгында 3 жылдын ичинде чоң иштерди жасашыптыр жана жакшы студенттерди тарбиялап чыгарышыптыр, мага абдан жакты», - деди.

Санжардан эмдөөгө каршы чыккандар боюнча кабар барбы деп сурашканда, «Эмне деп айтаарымды билбейм, анткени вакцинага каршы болуу акылга сыйбаган нерсе деп ойлойм»,-деп жооп берди.

Мыйзам мажбурлабаса дагы эмдөөдөн өтүү керектигин баса белгилеген Санжар, эмдөөдөн өтпөө башкаларды дагы тобокелге салаарын айтты.



Тектеш кабарлар