TURKOVACтын 3-фаза сыноолорунда терс таасирлер байкалган жок

Инактивдүү коронавирус (Ковид-19) вакцинасы TURKOVACтын клиникалык сыноолору уланууда.

1709749
TURKOVACтын 3-фаза сыноолорунда терс таасирлер байкалган жок

Атамекендик вакцина TURKOVACтын 3-фаза сыноолору аяктап калды. Болжол менен 1500 ыктыярчыга сыналган вакцинада эч кандай терс таасирлер байкалган жок.

Атамекендик инактивдүү коронавирус (Ковид-19) вакцинасы TURKOVACтын клиникалык сыноолору уланууда.

Шашылыш колдонууга уруксат берүү баскычына жеткен вакцина жакынкы айларда массалык түрдө өндүрүлө баштайт деп күтүлүүдө.

Ыктыярчы Ясин Акпынар атамекендик болгондуктан TURKOVACты тандаганын айтып: «Мен вакцинанын биринчи дозасында эч кандай терс таасирин көргөн жокмун. Ошол себептен вакцинанын экинчи дозасын да алдым. Бүтүндөй элиме кайрыламын. Эч ойлонбостон TURKOVAC вакцинасын сайдыра алышат»,-деди.

Кайсери шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар боюнча клиникалык микробиология адиси доктор Айшин Кылынч Токер да 1500 ыктыярчыга вакцина сайгандарын айтты.

Токер билдирүүсүндө: «Борборлору Стамбулда, Анкарада жана Кайсериде жайгашкан азырынча беш борбор катары Эржиес университетинде жана Кайсери шаардык ооруканасында улантуудабыз.

Биз ыктыярчыларга эки дозаны 28 күн аралыгы менен беребиз. Экинчи дозасын ала баштаган ыктыярчыларыбызда ушул учурга чейин биринчи жана экинчи дозаларда эч кандай олуттуу терс таасирлерге туш болгон жокпуз»,-деди.



Тектеш кабарлар