Түрксат 6А Space X тарабынан учурулат

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу жазуу түрүндө маалымат берди.

1707237
Түрксат 6А Space X тарабынан учурулат

Өндүрүү жана сыноо процесси 2022-жылы аякташы пландаштырылган Түркиянын биринчи улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Анын учуруу кызматынын келишимине, Түрксат аукционердик компаниясы менен Американын космостук транспорт компаниясы Space Xтин ортосунда кол коюлду.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түрксат 6A Улуттук байланыш спутниги долбоору келишими жана кошумча протоколунун президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу менен Транспорт жана инфраструктура министрлиги, Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөө кеңеши (ТҮБИТАК) менен Түрксат аукционердик компаниясынын ортосунда кол коюлуп расмий күчүнө киргенин айтты.

Түрксат 6A спутнигинин курулушу, интеграциясы жана сыноолорунун Космостук системалардын интеграция жана сыноо (USET) борборунда жүргүзүлгөнүн билдирген Караисмаилоглу: «Долбоордун инженердик моделин интеграциялоо иш-аракеттери аяктап сыноо баскычына өтүлдү. 2021-жылы спутниктик учуу моделинин интеграциялоо иш-аракеттери аяктап экологиялык сыноо этабынын башталаары күтүлүүдө. Түрксат 6A спутниги спутник индустриясында кабыл алынган стандарттык жана коммерциялык сыноо баскычтарын да камтыйт»-деди.

Долбоордун Түркиянын байланыш спутниктерин өндүрө алган 10 өлкөнүн катарына кирүүсүнө шарт түзөрүн белгилеген Караисмаилоглу: «Өндүрүлө турган спутниктин өндүрүш жана сыноо процессинин 2022-жылдын аягына чейин аяктап 2023-жылдын биринчи чейрегинин ичинде учурулушу пландалууда», деп айтты.

Түрксат 6A спутнигинин учуруу кызматтарынын Түрксат аукционердик компаниясынын жоопкерчилигинде экенин белгилеген Караисмаилоглу: «Ушул алкакта керектүү изилдөөлөр жана даярдыктар долбоорду жетектеген ТҮБИТАКтын Космос жана берки кызыкдар тараптар менен макулдашылып жүргүзүлүүдө. Учуруу кызматын көрсөтүү үчүн көптөгөн ишке киргизүүчү компаниялардын чечимдери жана сунуштары кылдаттык менен иликтенди. Баа берүүлөрдүн жана сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында техникалык, административдик жана финансылык жактан эң жакшы чечимди сунуштаган Space X компаниянын Falcon-9 ракетасы учуруучу катары тандалды. Ушунун негизинде Түрксат 6Aнын учуруу кызматынын келишимине Түрксат менен Space Xтин ортосунда кол коюлду»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар