Чавушоглу: «Ооганстанда чыныгы инклюзивдүү структуранын түзүлө турганына үмүттөнөбүз»

Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан онлайн форматында уюштурулган «Ооганстандагы гуманитардык абал» темасында министрлердин жогорку деңгээлдеги жыйынында сөз сүйлөдү.

1705969
Чавушоглу: «Ооганстанда чыныгы инклюзивдүү структуранын түзүлө турганына үмүттөнөбүз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ооганстанда жарыяланган убактылуу өкмөт тууралуу «Биз коомдун бардык катмарын чагылдырган чыныгы инклюзивдүү структуранын түзүлө турганына үмүттөнөбүз»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан онлайн форматында уюштурулган «Ооганстандагы гуманитардык абал» темасында министрлердин жогорку деңгээлдеги жыйынында сөз сүйлөдү.

Жыйналыштын өтө маанилүү убакта болгонун белгилеген Чавушоглу, Ооганстандагы өткөөл процесстин бардык кесепеттери көзөмөлгө алынарын айтты.

Кризисти башкаруу үчүн ооган элине ар кандай колдоо көрсөтүлүшү керектигин баса белгилеген Чавушоглу: «Азырынча гуманитардык тармак биздин приоритетибиз болушу керек. Баарыбыз коркунучтуу сандарды уктук. Ооган элинин үчтөн бири ачкачылыкка туш болуп, алардын дээрлик жарымы чукул гуманитардык жардамга муктаж»,-деди.

Бул абалдын коркунучтуу экономикалык кризиске ишарат кылганын белгилеген Чавушоглу: «Түркия 1920 -жылдардан бери Ооганстандын стабилдүүлүк жана өнүгүү аракеттерине, анын ичинде кыздардын билим алуусу жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүнө колдоо көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө да Түрк Кызылайы аркылуу гуманитардык жардам берүүнү улантуудабыз. Талаадагы абал жакшырган сайын бул колдоону улантабыз»,-деп айтты.

Түркиянын Кабулдагы элчилигинин гуманитардык багытта ишин улантып жатканын айткан министр Чавушоглу, БУУнун баш катчысынын эффективдүү кийлигишүү чакырыгын колдогондоруна да токтолуп,«Мунун шарты коопсуздук болуп эсептелет. Гуманитардык жардам берүүчү уюмдар өз ишин коопсуз жана муктаж болгондорго эч кандай көйгөйсүз жеткире алгыдай болушу керек. Ооганстандын азыркы администрациясы бул жагынан өз ролун ойнойт деп үмүттөнөбүз»,деген пикирин билдирди.

Чабушоглу Кабулдагы «Хамит Карзай» эл аралык аэропортунун иштөөсүнүн жардам берүү аракеттери үчүн да абдан маанилүү экенин белгилеп: «6 жыл кылганыбыз сыяктуу болгон тажрыйбабызды жана адистигибизди Катар менен бирге берүүгө даярбыз», - деди.



Тектеш кабарлар