Президент Эрдоган паралимпиадалык оюндарда медаль алган спортчуларды куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Жапониянын борбору Токиодо жүргөн жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу аркылуу медаль алган спортчуларды куттуктады.

1699118
Президент Эрдоган паралимпиадалык оюндарда медаль алган спортчуларды куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Токио-2020  Паралимпиада оюндарында медаль алган улуттук спортчуларды куттуктады.

Президент Эрдоган Жапониянын борбору Токиодо жүргөн жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу аркылуу коло медалдын ээси Али Өзтүрк, Несим Туран жана Күбра Коркут менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эрдоган, коло медалга ээ болушкан бирок сүйлөшүү учурунда бул жерде болбогон спортчулар Режеп Чифтчи, Зейнеп Челик жана Бесра Думанга да саламын жолдоп, «Мен сизди куттуктайм. Сиздин ийгилигиңиз бизди абдан кубантты»,-деди.

Спортчулар ошондой эле Эрдоганга колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.



Тектеш кабарлар