Октай: «Биз жолубузду биримдикте улантабыз»

Фуат Октай, Невшехир Хажы Бекташ Вели университетинин кампусунда партия мүчөлөрү менен жолугушту.

1698867
Октай: «Биз жолубузду биримдикте улантабыз»

Вице-президент Фуат Октай Түркиянын ушул күндөргө улут менен биргеликте күрөшүүнүн келгенин белгилеп: «Биз жолубузду биримдикте улантабыз»,- деди.

Ар кандай программаларга катышуу үчүн Невшехирге барган Фуат Октай, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК партия) облустук уюму тарабынан уюштурулган Невшехир Хажы Бекташ Вели университетинин кампусундагы иш-чарада партия мүчөлөрү менен жолугушту.

Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы террордук кол салууларга токтолгон Октай, афган элинин тынчтыгына жана стабилдүүлүгүнө салым кошуу максатында бул өлкөдө болгон баатыр түрк аскерлеринин акыркы процессте 1129 жарандын эвакуациялануусун камсыздаганын белгиледи.

Өздөрүнө тапшырылган ишти ийгиликтүү аткарган коопсуздук күчтөрүнүн Түркияга кайтуусун улантып жатканын билдирген Октай: «Биз өлкөгө кайтып келген аскерлерибиздин коопсуздугун жана мыйзамсыз миграцияга каршы чек ара коопсуздугубузду бекем эрктүүлүк менен коргоону улантабыз»,-деп айтты.

Октай коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөшүү процессинде болсо, дүйнөнүн эң күчтүү экономикалары кыскарып жатканда, Түркия өндүрүш рекордуна ээ болгонун билдирди.

Түркиянын манипуляциялар, валюта оюндары жана эмбарго менен токтотулууга аракет кылынганын белгилеген Октай, Түркиянын бул абалга жаңы рынокторго жана жаңы кызматташтыктарга багыт алуу менен жооп бергенин айтты.

Түркиянын ушул күндөргө улут менен биргеликте күрөшүүнүн негизинде келгенин белгилеген Октай: «Биз жолубузду биримдикте улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар