Түркия ооган элине колдоо көрсөтүүнү улантат

Өмер Челик билдирүү жасады.

1697856
Түркия ооган элине колдоо көрсөтүүнү улантат

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партиянын) басма сөз катчысы Өмер Челик, Түркиянын афган элинин каалоосуна жараша жанында болууну улантарын айтты.

Челик социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө Ооганстанда кызмат кылган, дос жана боордош афган элинин тынчтыгына жана туруктуулугуна салым кошкон Түрк куралдуу күчтөрүнүн дагы бир милдетти ийгиликтүү аткарганын белгиледи.

Өмер Челик: «Ушул алкакта биз 6 жылдан бери аткарып келе жаткан Кабул аэропортунун миссиясында кызмат кылган аскерлерибиз мекенибизге кайтып келе жатышат. Түркия афган элинин каалоосуна жараша жанында болууну улантат. Түркия ишенимдүү дос, бир тууган жана союздаш», деди.



Тектеш кабарлар