Түркия COVID-19га каршы эмдөө боюнча дүйнө жүзүндө 8-орунда турат

Кытай 1 миллиард 960 миллион доза менен эң көп вакцина алган өлкө болду.

1696341
Түркия COVID-19га каршы эмдөө боюнча дүйнө жүзүндө 8-орунда турат

Дүйнө жүзүндө коронавируска (Ковид-19) каршы колдонулган вакциналар 5 миллиард дозадан ашты.

Түркия 89 миллион 812 миң 875 доза менен эң көп эмделген 8-өлкө болду.

Ковид-19 вакцинасынын маалыматтары чогултулган "Ourworldindata.org" сайтына караганда, Кытай 1 миллиард 960 миллион доза менен эң көп вакцина алган өлкө болду; бул өлкөдөн кийин Индия 582 миллион 240 миң, АКШ 363 миллион 270 миң, Бразилия 178 миллион 550 миң, Япония 118 миллион 310 миң, Германия 99 миллион 630 миң, Индонезия 89 миллион 830 миң, Түркия 89 миллион 812 миң, Англия 89 миллион 500 миң, Франция 83 миллион 940 миң, Мексика 80 миллион 890 миң, Россия 76 миллион 960 миң, Италия 75 миллион 620 миң, Испания 63 миллион 590 миң жана 52 миллион 510 миң менен Канада турат.



Тектеш кабарлар