Түркия дүйнөдө эң көп вакцина берген 8 - өлкө болду
Жалпы дүйнөдө Ковид - 19га каршы берилген вакцина 4 миллиард дозадан ашты.
Жалпы дүйнөдө Ковид - 19га каршы берилген вакцина 4 миллиард дозадан ашты. Түркия жалпы вакцина саны жактан дүйнөдө 8 - орунда.
Ковид - 19 вакцинасы тууралуу маалыматтар чогултулган "Ourworldindata.org" сайтынын билдиргенине караганда Кытай 1 миллиард 600 миллион доза менен эң көп вакцина берилген өлкө болду.
Кытайдан кийин 450 миллион 710 000 менен Индия, 343 миллион 360 000 менен АКШ, 137 миллион 880 000 менен Бразилия, 91 миллион менен Германия, 84 300 менен Британия, 82 миллион 590 000 менен Япония, 70 миллион 525 000 менен Түркия, 69 миллион 690 000 менен Франция, 67 миллион менен Италия, 64 миллион 840 000 менен Индонезия, 63 миллион 310 000 менен Мексика жана 59 миллион 220 000 менен Россия жана 55 миллион 190 000 менен Испания келди.
Тектеш кабарлар
Түркия Крым татарлары жана черкес сүргүнүндө каза болгондорду эскерди
Түркиянын Крым татарларынын жана Кавказдагы боордош элдердин кайгысын тең бөлүшөрү билдирилди.