Тышкы иштер министри Чавушоглу тунистик кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мевлүт Чавушоглу Тунистин тышкы иштер министри Осман ел  -  Жерендиге Түркиянын Тунис калкына болгон колдоосун билдирди.

1681297
Тышкы иштер министри Чавушоглу тунистик кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

 Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Тунистин тышкы иштер министри Осман ел  -  Жерендиге Түркиянын Тунис калкына болгон колдоосун билдирди.

Министрликтен берилген маалыматка караганда Чавушоглу Тунистин тышкы иштер министри ел  -  Жеренди менен телефон аркылуу сүйлөштү. Чавушоглу сүйлөшүүдө Түркиянын Тунистин туруктуулугу менен тынчтыгына маани бергендигин жана Тунис калкына болгон колдоосун баса белгиледи.

Тунисте 25 -  июлда өкмөт жана оппозиция партияларына карата жүздөгөн киши катышкан нааразычылык акциясы болгон жана чыккан окуяларда  Нахда кыймылы менен башка партиялардын борборлоруна кол салуулар жасалган.

Тунистин президенти Кайс Саид да чыккан окуялар боюнча парламенттин бардык жоопкерчиликтерин тоңдургандыгын, депутаттардын кол тийбестигин токтоткондугун,  учурдагы премьер  - министр Хишам ел  -  Мешишини кызматтан алыстаткандыгын жана өзү дайындай турган премьер  - министр менен аткаруу бийлигин өткөрүп аларын жарыялаган. Саид өзүн башкы прокурор деп жарыялап сотко да кийлигишүүдө болгон.

Өкөмткө карата бул  төңкөрүш кыймылынан кийин аскерлер Тунистин спикери жана Нахда кыймылынын лидери Рашид  ел  -  Ганнуши менен коштоосундагы депутаттарды парламентке алган эмес.

Президент Кайс Саиддин чыгарган чечими боюнча элди тынчтыкчыл күрөшүүгө чакырган Ганнуши  мыйзамдуу бир негизи болбогон бул кадамдын «төңкөрүш» экендигин баса белгилеген. Кайс Саид болсо тарыхый бир жоопкерчиликти моюнга алгандыгын,  чыгарган чечимдеринин конституцияга ылайык экендигин айткан.



Тектеш кабарлар