Эл аралык медиа кызматкерлерине 15 - июль жана ФЕТӨ тууралуу маалымат берилди
Индонезия, Сербия, Босния Герцеговина, Болгария жана Черногорияда иштеген 18 журналистке ФЕТӨ жана 15 -июлдагы төңкөрүш кыймылына байланыштуу маалыматтандыруу жыйыны болуп өттү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгы Индонезия, Сербия, Босния Герцеговина, Болгария жана Черногорияда иштеген 18 журналистке ФЕТӨ жана 15 -июлдагы төңкөрүш кыймылына байланыштуу маалыматтандыруу жыйынын өткөрдү.
Борбор шаар Анкарадагы президенттик коммуникация башкармалыгында өткөн жыйында ФЕТӨнүн 2016 -жыл 15 -июлдагы төңкөрүш кыймылынын президент Р. Т. Эрдогандын лидерлигинде, эл менен мамлекеттин биргелеше көрүшүүсүнүн натыйжасында тоскоолдукка учуратылгандыгы билдирилди.
ФЕТӨ болгон бардык өлкөлөр үчүн олуттуу коркунуч экендиги белгиленген жыйында кандуу уюмдун караңгы түзүлүшү жана мыйзам тышы иштерине көңүл бурулду.
Жыйында катышуучуларга демократиянын жеңишине кол коюлган 15 -июлду жана козголоңчулар шейит кылган жарандарды унуттурбоо үчүн жыл сайын президенттиктин коммуникация башкармалыгынын координациясында өлкө ичинде жана өлкө тышында өткөрүлгөн эскерүү иш – чаралары менен долбоорлор тууралуу маалымат берилди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.