Вакцинанын биринчи дозасын алган 18 жаш жана андан жогоркулардын саны 60 пайызга жетти

Фахреттин Кожа социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1672662
Вакцинанын биринчи дозасын алган 18 жаш жана андан жогоркулардын саны 60 пайызга жетти

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Түркияда коронавируска (Ковид-19) каршы вакцинанын биринчи дозасын алган 18 жаш жана андан жогорку курактагылардын саны 60 пайызга жеткенин билдирди.

Кожа социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «37 миллион 250 миң адам вакцинанын жок дегенде бир дозасын алышты. Ушундайча вакцинанын биринчи дозасын алган 18 жаш жана андан жогоркулардын саны 60 пайызга жетти. Биринчи, экинчи жана үчүнчү дозалардын жалпы саны болсо 56 миллиондон ашты. Кезекке жазылып мүмкүн болушунча эртерээк эмдөөдөн өтүңүздөр», деди.



Тектеш кабарлар