Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат
Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында биринчи, экинчи жана үчүнчү дозада жалпы 55 миллион 349 миң вакцина сайылды.
1671705
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 52 киши көз жумду.
Бир сутканын ичинде 225 миң 253 тест жасалып, вирус жуктурган киши саны 5 миң 160 болду.
Акыркы 24 саатта айыккандардын саны болсо 4 миң 636га жетти.
Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында биринчи, экинчи жана үчүнчү дозада жалпы 55 миллион 349 миң вакцина сайылды.