Октай Түндүк Кипрге барат

Фуат Октай эки күндүк иш сапарынын алкагында Түндүк Кипрде айрым жолугушууларды жана иликтөөлөрдү жүргүзөт.

1670963
Октай Түндүк Кипрге барат

Вице-президент Фуат Октай эртең Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) барат.

Фуат Октай эки күндүк иш сапарынын алкагында Түндүк Кипрде айрым жолугушууларды жана иликтөөлөрдү жүргүзөт.

Лефкоша Түндүк айланма жолунун курулушу менен Билал Ага мечитиндеги калыбына келтирүү иштерин текшере турган Октай, Йениеренкөй жана Бафра айылдарында жарандар менен жолугушат.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар жана премьер-министр Эрсан Санер менен да жолугушуусу күтүлүп жаткан Октай, «Полиция директорлугунун унаа жана техника тапшыруу аземи» менен Лефкоша Бүйүк Ханда өткөрүлө турган «Жаштар жолугушуусуна» катышат.



Тектеш кабарлар