Кожа: «Учурда көңүл буруу керек болгон маселе эмдөө»

Фахреттин Кожа кечээ өткөн Президенттик кабинеттин жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1670812
Кожа: «Учурда көңүл буруу керек болгон маселе эмдөө»

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөштө көңүл буруу керек болгон маселе  эмдөө экендигин айтты.

Фахреттин Кожа кечээ өткөн Президенттик кабинеттин жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ушул тапта көңүл буруу керек болгон маселе эмдөө экендигин жана эпидемиянын аяктоосу эмдөө жана социалдык иммунитет менен мүмкүн болоорун эске салган Кожа, эмдөөнүн өлкөдө эң кеминде 70 пайыз болушу керектигин баса белгиледи.

Кожа: «Биз, жок эле дегенде, майрамга чейин (20-июль) эмдөөдөн өтүшү керек болгон 18 жаштан жогору жарандардын 70 пайызына жетип, эмдөөнү каалайбыз»,- деди.

Түркияга келе турган туристтер үчүн кабыл алынган чечимдер жөнүндө суроого министр Кожа: «Вакцинация сертификатына ээ болгон же акыркы 6 айда бул илдетке чалдыккан адамдардан талап кылбайбыз деп жатабыз, бирок башкалардан 48 сааттын ичинде антигенди жана 72 сааттын ичиндеги ПЦР жыйынтыгын талап кылабыз. Белгилүү болгондой, биз айрым өлкөлөрдөн учактарды жаптык 6 мамлекетке, 2 өлкө үчүн карантин улантылууда, Пакистан жана Афганистан.  , ошондой эле Иран жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдөн антиген кабыл албайбыз, кандай болгондо да ПЦР талап кылабыз»,-деди.

«Сириялыктар сыяктуу убактылуу коргоодогу адамдар эмдөөдөн өтүп жатабы?» суроого министр Кожа: «Алар эмдөөдөн өтүшөт. Убактылуу жүргөн, кандайдыр бир жол менен жашап турууга уруксаты бар же жазуусу бар адамга эмдөө жасалат»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар