Чавушоглу: «Сирияда Орусия менен кызматташтыгыбызды улантабыз»

Чавушоглу анын чакыруусу менен Түркияга келген орус кесиптеши Сергей Лавров менен Антальяда биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1667663
Чавушоглу: «Сирияда Орусия менен кызматташтыгыбызды улантабыз»
Çavuşoğlu_Antalya_30_06_2021.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Сирияда Орусия менен кызматташтыгын уланта берерин айтты.

Чавушоглу анын чакыруусу менен Түркияга келген орус кесиптеши Сергей Лавров менен Антальяда биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Министр Чавушоглу, жолугушууда Орусия менен эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык маселелердин каралып, Сирия, Ливия, Ооганстан жана Карабахтагы окуялардын күн тартибинде болгонун айтты.

Чавушоглу: «Биз Сирия маселесин талкууладык, ошондой эле Ливиядагы акыркы кырдаалга баа бердик. Ооганстандагы окуяларды дагы талкууладык. Карабах бүгүн дагы бир жолу биздин аймактык маселелердин бири болду. Биз Сирияда саясий жараян үчүн, тынчтыктын уланышы үчүн Россия менен иштешүүбүздү улантабыз.  Учурда Сирия үчүн эң пайдалуу механизм Астана процесси болуп саналат»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу Ливияга берген баасында болсо, «Ливияда өлкөнүн саясий биримдиги, ошондой эле анын аймактык бүтүндүгү баарыбыз макул болгон артыкчылыктуу багыт болуп саналат»,-деп айтты.

Министр Чавушоглу, коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы Россия менен вакцина сертификатына байланыштуу, «Вакцина сертификаттарыбызды өз ара таануу боюнча сунушубузду Россияга жеткирдик»,-деди.

Чавушоглу жолугушуунун суроо-жооп бөлүгүндө «Канал Стамбул» тууралуу суроого жооп берип жатып, «Босфор кысыгындагы кеме кыймылы учурда олуттуу коркунучка алып келүүдө. Канал Стамбулдун Монтре келишимине жана Монтре келишиминин Канал Стамбулга эч кандай таасири жок»,деп жооп берди.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров дагы туризмди улантуу үчүн Түркия менен кызматташууну уланта тургандарын билдирип, «Биздин жарандар Анталияны жагымдуу жер катары көрүшөт. Келечекте бул туризмдин уланышы үчүн аракет кылабыз»,-деп айтты.

«Монтре конвенциясын ишке ашыруу боюнча түрк досторубуз жана кесиптештерибиз менен болгон өз ара аракеттенүү бизди кубандырат»,деген Лавров: «Стамбул каналынын курулушу кандайдыр бир жол менен чет элдик аскер бөлүктөрүнүн ал жерде жайгашуусуна жол ачпайт»,-деп айтты.

Лавров Азербайжанда биргелешкен башкаруу борборунун ишмердүүлүгүн жогору баалашкандарын айтып, «Биз тараптар жарашышын каалайбыз, анткени армяндар дагы, азербайжандар дагы ушул жерде жакшы коңшулар катары жашоосун улантышат»,-деди.

Россиянын тышкы иштер министри Лавров өз сөзүндө, Sputnik V вакцинасынын Түркияга жөнөтүлүшү жана аны биргелешип өндүрүү эпидемияга каршы жалпы күрөштө маанилүү экендигин билдирди.



Тектеш кабарлар