Түркия эң көп эмдөө жүргүзүлгөн 9-өлкө болду

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы жарыяланды.

1665581
Түркия эң көп эмдөө жүргүзүлгөн 9-өлкө болду

Түркия коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы  эң көп эмдөө жүргүзүлгөн 9-өлкө болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Түркияда 2021-жылдын 27-июнь, жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 15: 31ге чейин 47 миллион 166 миң 413 доза Ковид-19 вакцинасы жасалган.

Жалпы вакциналардын саны боюнча Түркия дүйнөдө 9-орунда турса, 32 миллион 308 миң 16 адам биринчи дозасын, 14 миллион 858 миң 397 адам экинчи дозасын алышты.



Тектеш кабарлар