Түркия гидроэлектр боюнча дүйнөлүк тизмеде жогорулап баратат

Түркия өткөн жылы 2 480 мегаваттык жаңы гидроэлектростанциясын орнотуу менен Европада лидерлигин улантып, дүйнөдө экинчи орунга жогорулады.

1658381
Түркия гидроэлектр боюнча дүйнөлүк тизмеде жогорулап баратат

Түркия өткөн жылы 2 480 мегаваттык жаңы гидроэлектр станциясын орнотуу менен Европада лидерлигин улантып, дүйнөдө экинчи орунга жогорулады.

Эл аралык гидроэнергетикалык агенттиктин "2021 гидроэлектр энергиясынын келечеги" отчетунан алынган маалыматка ылайык, өткөн жылы 35 өлкө жалпысынан 21 миң мегаватт жаңы гидроэнергетикалык кубаттуулук көлөмүн түздү.

Глобалдык гидроэлектр көлөмү 1 миллион 330 000 мегаватка жетти. Жаңы кубаттуулукту кошкон өлкөлөрдүн ичинен бир гана Түркия 2020-жылы Кытайдан кийин миң мегаватттан ашык электр кубатына жетти.

Эң жогорку кубаттуулук өсүшү 14 миң 466 мегаватт менен Азия жана Тынч океан өлкөлөрүндө байкалган болсо, андан кийин 3 миң 32 мегаватт менен Европа келди.

Өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча ГЭСтерде 4370 тераватт саат электр энергиясы өндүрүлдү.

Түркия өткөн жылы 2 480 мегаваттык жаңы гидроэлектр энергиясы менен Европадагы биринчилигин сактап, дүйнөлүк тизмеде экинчи орунду алды.

 



Тектеш кабарлар