Немис жана грек басма сөзүнөн түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарына мактоо

Немис гезити Die Welt жана грек басма сөзү түрк куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз аба аппараттарынын ийгиликтерине басым жасады.

1653900
Немис жана грек басма сөзүнөн түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарына мактоо

Немис гезити Die Welt жана грек басма сөзү түрк куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз аба аппараттарынын ийгиликтерине басым жасады.

Die Welt гезити «Таасирдүү түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары экспортто кандай хит болуп жатат» деген кабарында түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары тууралуу жазган. Кабарда НАТО мүчөсү Польшанын 24 даана түрк куралдуу учкучсуз аба аппаратына буюртма бергендиги белгиленди.

Түрк куралдуу аба аппараттарынын жогорку технология менен камсыздалгандыгы баса белгиленип : «АКШ менен Израилдин ордун Түркия алып жатат»,- деп билдирилди. Гезит  көптөгөн өлкөнүн Байрактар ТБ  -  2 алууну каалап жаткандыгы да билдирилди.

Грек басма сөзү да тармагында мыктылардын арасында орун алган Байрактар ТБ -2  менен Түркиянын Ирактын түндүгү, Сирия жана Карабахта өзүн далилдегенине көңүлдөрдү бурган.

Түркиянын өз чек араларында  дагы күчтүү абалга келгендиги тууралуу анализ жасалды.

Грециянын башка бир маалымат сайты да «Түркиянын куралдуу учкучсуз аба аппараттары эмне себептен мынчалык сатылууда» деген темада кабар жарыялады. Кабарда түрк куралдуу учкучсуз аппараттарынын сыналгандыгы жана толук баа алгандыгы баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар