Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары бул ирет Франциянын медиасында...

Франциялык журналист BFM Business каналына катышкан программасында Түркиянын коргонуу өнөр жайы жаатында таштаган кадамдары жөнүндө айтып берди.

1653374
Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары бул ирет Франциянын медиасында...

Француз журналисти Бенауда Абдеддайм Түркиянын атамекендик жана улуттук куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары (КУУА / SİHA) Сирия жана Карабахтагы согуштун багытын өзгөрткөнүн айтты.

Франциялык журналист BFM Business каналына катышкан программасында Түркиянын коргонуу өнөр жайы жаатында таштаган кадамдары жөнүндө айтып берди.

Бенауда Абдеддайм өткөн жылы Ливияда колдонулган Каргу-2 дрону Бириккен Улуттар Уюмунун отчетунда катталганын эске салды. Ал биринчи жолу жаңжал чыккан аймак толугу менен автономдуу учкучсуз учуучу аппарат менен адам тарабынан башкарылбастан бутага алынгандыгын белгиледи.

Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын (КУУА / SİHA)  Сириядагы жана Карабахтагы согуштун багытын өзгөрткөнүн жана алардын Ирактын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПККга каршы натыйжалуу болгонун айткан Абдеддайм, Азербайжандын дагы Арменияга каршы Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары менен күч алгандыгын айтты.

Француз журналисти НАТОго мүчө Польша дагы Байрактар ​​TB2ни сатып алгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар