Эрдогандын Дүйнөлүк экология күнүнө байланыштуу билдирүүсү
Президент Эрдоган 5-июнь Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө байланыштуу билдирүү бөлүштү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны дагы дүйнөнү дагы жашоого ыңгайлуу жана таза экология менен касыз кылуу үчүн иш-аракеттерин уланта тургандарын билдирди.
Президент Эрдоган 5-июнь Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө байланыштуу билдирүү бөлүштү.
Билдирүүсүндө «Айлана-чөйрөнү коргоо бардык адамдар, бардык өлкөлөр жана жалпы адамзат үчүн орток маселе болуп саналат» деген Эрдоган жаратылышты коргоодо Түркиянын алдыңкы ролду ойной тургандыгын эске салды.
Эрдоган айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, пикирге таянган түшүнүк менен иш алып баруунун маанилүү экендигин баса белгиледи.
Түркия катарында жаратылышты коргогон, экологиянын булгануусун алдын алган жана айлана-чөйрөнүн маалымдуулугун көтөргөн иштерде алдыңкы ролду ойношоорун баса белгилеген президент Эрдоган: «Биз жаратылыш байлыктарыбызды коргоо боюнча пландуу урбанизациялоо иш-чаралары, жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу үчүн ишке ашырылып жаткан долбоорлорго өзгөчө маани беребиз», деди.
Эрдоган: «Эрозияга каршы күрөштө дүйнөлүк лидер болгон Түркия токой аянтын көбөйткөн саналуу өлкөлөрдүн бири» деп айтты.