Түркияда Ковид-19га каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 94 киши көз жумду.

1651982
Түркияда Ковид-19га каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 94 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 47 миң 976 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 224 миң 681 тест жасалып, 552 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 6 миң 169 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 7 миң 617 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 147 миң 610го жогорулады.


Этикеткалар: #вирус жуктурган

Тектеш кабарлар