Явуз Селим Кыран:«Биз структуралык жана системалуу өсүп жаткан коркунучка туш болуудабыз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) Адам укуктарын иликтөө комиссиясынын алдында түзүлгөн, Европа өлкөлөрүндө өсүп келе жаткан Расизм жана Исламофобияны иликтөө жана изилдөө боюнча кичи комитет Бурса депутаты Хакан Чавушоглунун төрагалыгы астында чогулду

1651214
Явуз Селим Кыран:«Биз структуралык жана системалуу өсүп жаткан коркунучка туш болуудабыз»

 

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран Батыштагы исламофобия көз жаздымда калбай турган деңгээлге жеткенин билдирип, «Биз сезондук маселе эмес, структуралык жана системалуу өсүп жаткан коркунучка туш болуп жатабыз»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) Адам укуктарын иликтөө комиссиясынын алдында түзүлгөн, Европа өлкөлөрүндө өсүп келе жаткан Расизм жана Исламофобияны иликтөө жана изилдөө боюнча кичи комитет Бурса депутаты Хакан Чавушоглунун төрагалыгы астында чогулду.

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө Европада барган сайын күч алып бара жаткан расизм жана исламофобия антиисламизмди мыйзамдуу негизге салуу аракети экендигине токтолуп, расисттик, ксенофобиялык, исламга каршы чабуулдарды жеке иш-аракеттер катары гана көрүү жана көрсөтүү чоң жаңылыштык жана кемчилик экендигин айтты..

Франция, Германия, Австрия жана Дания сыяктуу өлкөлөрдө исламдын жана ксенофобиялык аракеттердин жана кол салуулардын мисалдарын бөлүшкөн Кыран, Европадагы түрктөр жана мусулман коому туш болгон кол салуулардын алардын күнүмдүк жашоосуна, саясий, экономикалык жана коомдук иштерине болгон терс чагылыштарына көңүл бурду.

Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө мусулмандардын көпчүлүгүн түзгөн түрк жарандарынын түздөн-түз системалык басмырлоого кабылышканын жана түздөн-түз бутага айлангандыгын баса белгилеген Кыран: «Биз эч качан биздин миллиондогон адамдардын антиисламдык жана расисттик саясаттан жана кол салуулардан жапа чегишине жол бере албайбыз. Бүгүнкү күндө исламофобия көз жаздымда калбай тургандай деңгээлге жетти. Биз мезгил-мезгили менен эмес, структуралык жана системалык коркунучка туш болуп жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар