Түркияда Ковид-19га каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 164 киши көз жумду.

1647741
Түркияда Ковид-19га каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 164 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 47 миң 134 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 220 миң 162 тест жасалып, 656 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 773 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 12 миң 284 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 83 миң 99га жогорулады.



Тектеш кабарлар