Түрк аба жолдору "Travel Plusтан" 4 сыйлык алды

"Travel Plus" бул жылкы баа берген категориялардын мазмуну эпидемия процесси менен шайкеш «Гигиена», «Туруктуулук» жана «Саламаттык сактоо» тармактарында жаңы стандарттарды эске алуу менен түзүлдү.

1645387
Түрк аба жолдору  "Travel Plusтан"  4 сыйлык алды

Жыл сайын глобалдык өлчөмдөгү аба жолу фирмаларынын саякат топтомдорун  жана жүргүнчүлөргө берген маанилүү кызматтарын сыйлаган "Travel Plus" түрк аба жолдорун 4 категорияда сыйлыкка ылайык көрсөттү.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешинен берилген маалыматка караганда "Travel Plus" бул жылкы баа берген категориялардын мазмуну эпидемия процесси менен шайкеш «Гигиена», «Туруктуулук» жана «Саламаттык сактоо» тармактарында жаңы стандарттарды эске алуу менен түзүлдү.

Ушул алкакта түрк аба жолдору  гигиеналык топтомдордун, жууркан-төшөктөрдүн жана конокторго сунуш кылган  азыктарынын таңгактарында, жүргүнчү балдар үчүн атайын жасалган оюнчуктар топтому, учак ичиндеги көңүл ачуу тутуму жана учуу учурунда уникалдуу саякатоо шартын түзгөн "Planet" менен айырмаланды.

Tүрк аба жолдору "Жүргүнчүлөрдүн гигиенасы", "Туруктуу таңгактоо демилгеси", "Балдардын ден-соолугу боюнча демилге" жана "Жүргүнчүлөрдүн саламаттыгын сактоо технологиялары" категориялары боюнча "Алтын стандарт" сыйлыгына ээ болду.



Тектеш кабарлар