"Израилдин зулумчулугуна макул эмеспиз"
Президент Р. Т. Эрдоган : «Кайсы динден, кайсы тектен болсо болсун ар бир ммалекетти, ар бир мекемени эртерээк аракетке өтүүгө чакырабыз»,- деди.
Президент Р. Т. Эрдоган : «Палестинадагы Израиль зулумчулугун бүткүл дүйнө көрбөстүккө салса да биз макул эмеспиз»,- деди.
Эрдоган Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын уюму менен видеоконференция жолу аркылуу майрамдашуусунда сөз сүйлөп : «Кечээ Сирия чек араларыбызга курууга аракет кылынгантеррор коридоруна кандай уруксат бербеген болсок, бүгүн да Аль Аксага кол салгандарга ошол эле чечкиндүүлүк менен каршы чыгабыз»,- деди.
Ушул кезге чейин 19 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн айткан президент Эрдоган : «Алар менен майрамдаштык, Кудста жана Палестинанын башка шаарларында болгон окуялар тууралуу тынчсызданууларыбызды бөлүштүк.Кыскача бир дипломатия жүргүздүк. Кесиптешрим менен бирдей сезимдерди бөлүшкөнүбүздү көрдүк»,- деди.
«Израилдин Палестина шаарларында жана Кудстагы кол салууларына каршы чыгуу жалпы адамзаттын милдети. Израиль төккөн канга, сыйсыздыгына үнсүз калуу же ачыкча колдоо көрсөткөндөр бир күн кезектин өздөрүнө келерин билиши керек»,- деди.
Кудс сыяктуу мусулмандардын жана христиандардын, еврейлердин ыйык жерлерин камтыган шаарды талап – тоноого аракет кылган террор мамлекетинин эми бардык чектерди ашкандыгын айткан Эрдоган : «Кайсы динден, кайсы тектен болсо болсун ар бир ммалекетти, ар бир мекемени эртерээк аракетке өтүүгө чакырабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.