Чавушоглу менен Маас биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Чавушоглу борбор шаар Берлинде тышкы иштер министри Хейко Маас менен делегациялар аралык жана бетме-бет жолугушуу өткөрдү.

1635343
Чавушоглу менен Маас биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын коопсуз эс алуу үчүн бардык чараларды көргөнүн билдирди.

Чавушоглу борбор шаар Берлинде тышкы иштер министри Хейко Маас менен делегациялар аралык жана бетме-бет жолугушуу өткөрдү.

Чавушоглу жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс-конференцияда эки тараптуу карым-катнаштарды, аймактык маселелерди жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Ливия жана Сириядагы кырдаал сыяктуу көптөгөн маанилүү маселелерди талкуулагандарын айтты.

Коронавирус эпидемиясына карабастан эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн тездик менен өскөнүн белгилеген Чавушоглу: «Быйыл 40 миллиард доллардан ашчудай көрүнүп турат»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу өткөн жылы Германия менен түзүлгөн туризм боюнча өз ара макулдашуунун эки тарап үчүн тең оң натыйжаларды бергенин түшүндүрүп, Түркия туризм сезонуна (эпидемияга карабастан) коопсуз кирүү үчүн кээ бир кошумча чараларды көргөнүн жана мунун артыкчылыктары байкала баштаганын айтты. 

Чавушоглу, коронавирус вакцинасына байланыштуу да: «Албетте компаниялар автордук укукту урматташы керек. Бирок өлкөлөр биргелешип өндүрүү жаатында жакшы кызматташуусу зарыл»,-деп айтты.

Эки күн мурун Ливияга барып келгенин эске салган Чавушоглу: «Аскердик даярдык жана кеңешчилик колдоосу сыяктуу өлкөгө керек болгон колдоолордун аякташы өлкөгө пайда алып келбейт. Мындай ыкма туура болбойт. Биз Ливияда жаңы түзүлгөн өкмөттү колдошубуз керек, жалданма аскерлер чыгып кетиши зарыл»,-деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер менен да видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөргөн болчу.



Тектеш кабарлар