Варанк: «Ата мекендик VLP вакцинасынын эффективдүүлүгү кыйла жогору»

Варанк: «Эгерде баары ийгиликтүү болсо күзүндө VLP технологиясындагы вакцинабыз даяр болот»

1630639
Варанк: «Ата мекендик VLP вакцинасынын эффективдүүлүгү кыйла жогору»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, иштелип чыккан вирус сыяктуу бөлүкчөлөргө (VLP) негизделген вакцинанын талапкерине байланыштуу: «Эгерде баары ийгиликтүү болсо күзүндө VLP технологиясындагы вакцинабыз даяр болот»,-деди.

Мустафа Варанк бир телеканалга жасаган билдирүүсүндө, коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына каршы күрөшүүдө ата мекендик вакциналарды жана дары-дармектерди иштеп чыгуу боюнча иштерге токтолду.

Өлкөдө 7 башка вакцинаны иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгүн баса белгилеген Варанк: «Булардын арасында VLP деп аталган вирус сыяктуу бөлүкчөлөргө негизделген инновациялык вакцина изилдөөсү бар. VLP вакцинасы адамдарга сыноолорун баштады, 1-фаза изилдөөлөрү аяктап калды. Биз Кайсериде жигерсиз вакцина талапкеринин үстүндө иштеп жатабыз, алар Фаза-2 изилдөөсүнүн аягында»,-деди.

VLP вакцинасын изилдөө ийгиликтүү аяктаса, анда дүйнө жүзү боюнча "Биздин вакцинанын эффективдүүлүгү менен коргоосу кыйла жакшы жана ылайыктуу шарттарда чыгарыла алат» деп айтууга болоорун билдирген Варанк: «Эгерде баары ийгиликтүү болсо, күзүндө VLP технологиясындагы вакцинабыз даяр болот»,-деди.

Түркиядагы жеке сектордук компаниялар Россиянын вакцинасын өндүрүү боюнча келишимге жетишкенин эске салган Варанк, BioNTech компаниясынан профессор. др. Угур Шахин менен тынымсыз байланышта экендиктерин жана ага Түркияда биргелешип өндүрүш сунуштап жатышканын айтты.



Тектеш кабарлар