Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү
Акыркы 24 саатта вирустан 341 киши көз жумду.
1624369
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 341 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 36 миң 267 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 318 миң 869 тест жасалып, 2 миң 862 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 55 миң 149 болду.
Дарылануусу бүтүп айыккан 48 миң 947 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 736 миң 537ге жогорулады.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.