Тышкы иштер министри Россиянын учак каттамдарындагы чектөө боюнча билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Россиянын Түркияга каттамдарын чектөө чечиминин саясий эмес экендигин айтты.

1620875
Тышкы иштер министри Россиянын учак каттамдарындагы чектөө боюнча билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Россиянын Түркияга карата учак каттамдарын чектөө чечиминин саясий эмес экендигин айтты.

Чавушоглу журналисттерге берген маалыматында Анкара-Москва каттамында кызматташуу сүйлөшүүлөрүнүн башталгандыгын айтып, каттамдарды чектөө чечиминде саясий бир негиздин жок экендигин, толугу менен ден соолукка байланыштуу чечим экендигин белгиледи.

Өткөн жылы Германия менен түзүлгөн кызматташууну Россия менен да түзүүнү каалашкандарын билдиришкендерин айткан Чавушоглу ушунун негизинде Россиядан бир делегациянын ден соолукка байланыштуу аткарылган иштерди ордунда көрүү үчүнТүркияга келерин билдирди.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар