Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында Президенттик комплексте өткөн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.

1611592
Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

 

Улуттук коопсуздук кеңеши (УКК), диалогго чакырууларга карабастан Түркияга каршы жүргүзүлгөн саясатын күчөткөн Грецияны эл аралык мыйзамдарды сактоого чакырды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында Президенттик комплексте өткөн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.

Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө Кипрде теңдикке негизделген туруктуу чечимдерди киргизүү эки көзкарандысыз мамлекеттин негизинде күн тартибине алынышы зарыл экендиги белгиленген.

Билдирүүдө Чыгыш Жер Ортолук деңизинде өз ара укуктарды жана кызыкчылыктарды коргогон жалпы ыкманын маанилүүлүгүнө басым жасалып, аймактан тышкары өлкөлөр бейтараптуулукка чакырылды.

Жыйналышта Грециянын түрк азчылыгына каршы адам укуктарын бузуулары жана башпаанек сурагандарга багытталган адамгерчиликсиз иш-аракеттери талкууланды.

Билдирүүдө, «диалогго чакырууларга карабастан Түркияга каршы жүргүзүлгөн саясатын күчөткөн Греция эл аралык мыйзамдарды сактоого жана жакшы коңшулук карым-катнаштардын талабын орундатууга чакырылды»,делди.

Билдирүүдө, Ливия элинин коопсуздугу, тынчтыгы жана гүлдөп-өнүгүүсүнүн камсыздалышында Түркиянын ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүн уланта турганы белгиленди.

Өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана саясий биримдигин сактоо менен Сирияда так жана туруктуу чечимге жетишүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленген билдирүүдө, аймактагы актерлорду учурдагы адамзат кризисин тереңдете турган иш-аракеттерди токтотууга чакырды.



Тектеш кабарлар