Эрдоган: «Чоң жана кубаттуу Түркияны куруудабыз»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү (АК) партиясынын төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, борбор шаар Анкарада АК партиянын 7-кезектеги Чоң Курултайында сөз сүйлөдү.

1607620
Эрдоган: «Чоң жана кубаттуу Түркияны  куруудабыз»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү (АК) партиясынын төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, 21-кылымды жана андан аркысын кучагына ала турган чоң жана кубаттуу Түркияны  куруп жатышкандыктарын айтты.

Эрдоган, борбор шаар Анкарада АК партиянын 7-кезектеги Чоң Курултайында сүйлөгөн сөзүндө, Түркияны алгач (Республиканын 100 жылдык мааракеси) 2023-жыл максаттарына, андан кийин 2053-жылдагы көз карашына, (Улуттук кыймыл партиясы менен бирге негиздешкен)  Жумхур альянсы менен жеткире тургандыктарын белгиледи.

Түркияны жана түрк улутун тынымсыз өзүнүн ички кыйынчылыктары менен алектендирип акыркы эки кылымда түптүү өзгөрүүлөрдүн тышында калтыргандардын, ошол эле оюнду улантууга аракет кылгандарын, бирок бул жолу алар ийгиликке жете албай тургандыгын баса белгилеген Эрдоган: «Себеби бул жолу башка Түркияга ээ болдук. 84 миллион жараны менен бир улут деген Түркия бар. Бул жолу бир гана колундагыларга ээ болуп эле тим калбаган жаңы саясий жана экономикалык тартипте укуктуу болгон ордун ээлөө чечкиндүүлүгүн 2023-жыл максаттары, 2053-жыл көз караштары жана 2071-жыл идеялары менен көрсөткөн Түркия бар. Колдорунан келсе жамгырлуу абада өлкөбүзгө бир кесе суу бергиси келбегендердин күн сайын алдыбызга жаңы тоскоолдуктар менен чыгуулары бизди жолубуздан баш тарттыра алган жок. Дагы да баш тарттыра алышпайт»,-деп айтты.

2023-жыл максаттарын жаңы башталышка айлантып, 21-кылымды жана андан аркысын кучагына ала турган чоң жана кубаттуу Түркияны куруп жаткандыктарын сөз кылган Эрдоган, АК партиянын Түркияны билим берүүдөн, саламаттыкты сактоого чейин, өнөр жайдан  спорт тармагына чейин инвестициялар менен өнүктүргөнүн түшүндүрдү.

Эрдоган жикчил ПКК баш болгон бардык террордук уюмдарды талкалап, аларды өлкөнүн чегинде кыймыл кыла алгыс абалга келтиргендерин белгиледи.

Транспорт тармагына 932 миллиард лиралык инвестиция менен Түркиянын инфраструктурасын жаңыртып чыккандарын түшүндүргөн Эрдоган, жаңы түрдөгү коронавирус эпидемиясынын себебинен рецессияга туш болгонуна карабастан Түркиянын, келечектин эң ири аба транспорту инфраструктурасы менен дүйнөдө биринчи орунду ээлей турганын билдирди.



Тектеш кабарлар