«Фатих» жана «Кануни» кемелери жаңы бургулоо үчүн даярдыктарын жасоодо

«Фатих» Түндүк Сакария газ кениндеги «Амасра-1» кудугу деп аталып жаткан аймакта жүргүзүлө турган чалгындоо бургулоо иштеринен мурун Зонгулдактын Чайчума районундагы Филёс портуна казык таштады.

1605309
«Фатих» жана «Кануни» кемелери жаңы бургулоо үчүн даярдыктарын жасоодо

Түркиянын биринчи жергиликтүү бургулоочу кемеси «Фатих» жана «Кануни» «Түркали-2» кудугундагы чалгындоо иштеринен кийин апрель айында баштала турган иштерге даярданып жатышат.

«Фатих» Түндүк Сакария газ кениндеги «Амасра-1» кудугу деп аталып жаткан аймакта жүргүзүлө турган чалгындоо бургулоо иштеринен мурун Зонгулдактын Чайчума районундагы Филёс портуна казык таштады.

Ошол эле портко 14-ноябрда барган жана бул жерде мунара монтажы, деңизде навигациянын сыноосу,  бургулоо жабдуулары жана кудуктардын коопсуздугу тутумунун техникалык тейлөө иштерин жүргүзгөн «Кануни» кемеси дагы «Амасра-1» кудугунда «Фатих» жүргүзө турган бургулоо иштеринин толуктоочу жана кээ бир сыноо иштерин аткарат.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, телеканалда, «Биздин максатыбыз жакынкы 5 жылда 30-40 кудукка жетип, өндүрүүнү ишке ашыруу болуп саналат. Биздин биринчи максатыбыз - 2023-жылы биринчи газды Республикабыздын 100 жылдык мааракесинде кургактыкка чыгара турган  улуттук берүү тутумун басуу»,деп түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар