Эрдоган:«Түркияны жаңы тартипте татыктуу жерге алып чыгууга чечкиндүүбүз»
Президент Эрдоган министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркияны (жаңы түрдөгү коронавирус- Ковид-19) эпидемия менен бирге тездеген жаңы глобалдык саясий жана экономикалык тартипте татыктуу жерге алып чыгууга чечкиндүүбүз»,- деди.
Президент Эрдоган министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.
15-мартка карата эмделген кишилердин санынын 11 миллион 500 миңге жеткенин белгилеген Эрдоган: «Биз иштелип жаткан атамекендик вакцина даяр болмоюнча, вакциналарды чет өлкөдөн алып келүүнү улантабыз»,-деп айтты.
Пандемия учурунда көптөгөн өлкөлөрдө таңкыстык болуп жатканда, камсыздоо тармагындагы коопсуздуктун кемчиликтери жана алсыз жактары Түркияда байкалбаганын баса белгилеген Эрдоган: «Түркияны эпидемия менен бирге тездеген жаңы глобалдык саясий жана экономикалык тартипте татыктуу жерге алып чыгууга чечкиндүүбүз»,-деп айтты.