Түрк куралдуу күчтөрү сириялыктарга жардам берүүдө

Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) Мехметчиктин сириялыктарды террордук кол салуулардан коргоону жана «Тынчтык булагы» аймагына жардам жеткирүүнү улантып жаткандыгын билдирди.

1600981
Түрк куралдуу күчтөрү сириялыктарга жардам берүүдө

Мехметчик (түрк аскери) сириялыктарды террордук кол салуудан коргоону жана аларга жардам жеткирүүнү улантууда.

Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) Мехметчиктин сириялыктарды террордук кол салуулардан коргоону жана «Тынчтык булагы» аймагына жардам жеткирүүнү улантып жаткандыгын билдирди.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер эсебинде Ибн Синанын «Эч ким көргүсү келбеген адамдай сокур боло албайт»,деген сөзү орун алган жазууда, аймакта түрк аскерлери тарабынан берилген жардамга байланыштуу сүрөттөр бөлүшүлдү.

Бөлүшүүдө, «Биздин баатыр Мехметчиктерибиз сириялык боордошторубузду тоготпогондорго карабастан террордук уюмдардын кол салууларынан коргоону жана «Тынчтык булагы» аймагына асыл улутубуздун жардам колун сунууну улантууда»,делди.



Тектеш кабарлар