Эрдоган менен Путин сүйлөшүү өткөрдү

Түркия-Россия карым-катнаштарын өнүктүрө турган кадамдарга баа берилген сүйлөшүүдө, аймактык маселелер да талкууланды.

1586323
Эрдоган менен Путин сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Түркия-Россия карым-катнаштарын өнүктүрө турган кадамдар талкууланган сүйлөшүүдө, аймактык маселелерге да баа берилди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Эрдоган, Тоолуу Карабактагы 11-январь макулдашуусунан кийин кайрадан курулуп жаткан авто жана темир жол транспорттук линияларын натыйжалуу кылуу үчүн түркиялык жана россиялык адистердин азербайжандык кесиптештери менен жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди.

Агдамдагы Биргелешкен борбордун ок атышпоо режимин көзөмөлдөө жана байкоо салуу милдетин ийгиликтүү аткарып жаткандыгын белгилеген президент Эрдоган, ок атышпоо режимин коргоо үчүн бардык маселелерде биргелешкен аракеттер көрүлүшү керектигин айтты.

Ал эми Сирия маселесин тез арада чечүүнүн жалпы кызыкчылык экендигин баса белгилеген Эрдоган, Ливияда да тынчтык жана ырааттуулук мүмкүнчүлүгүн текке кетирбөө керектигине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар