Түркия рум - грек тарабын акылдуулукка чакырды

Түркия, аймакта тынчтык жана туруктуулукка коркунуч туудургандыгын билдирген грек  - рум тарабын акылдуулукка чакырды.

1582140
Түркия   рум  - грек  тарабын акылдуулукка чакырды

Түркия, аймакта тынчтык жана туруктуулукка коркунуч туудургандыгын билдирген грек  - рум тарабын акылдуулукка чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой грек  - рум тарабынын Европа Биримдигинин талапкер өлкө Түркия менен түзүүгө аракет кылган күн тартибине тоскоол болууга аракет кылышы жана башкалардан жардам күтүү менен саясат жүргүзүшүнүн аймактагы тынчтык жана туруктуулукту коркунучка түрткөндүгүн билдирди.

Катчы Аксой Греция, Египет, Франция, Сауд Арабиясы, Бириккен Арап Эмираттары, Бахрейн жана Түштүк Кипр Рум башкаруусунун тышкы иштер министрлеринин катышуусу менен Грециянын борбор шаары Афинада болгон «Достук форуму» тууралуу суроолорго жооп берди.

Аймагында ачкыч ролду ойногон Түркия жана Кипр түрктөрү ичинде болбогон эч бир форумдун аймакта ийгиликтүү кызматташуу жана достук механизмин түзүшү мүмкүн эмес экендигин баса белгилеген Аксой: «Эч бир өлкө бутага алынбагандыгы ортого салынган бул форумдун акырында Грециянын тышкы иштер министринин  өткөргөн пресс  - жыйынында Түркияга карата негизсиз айыптоолору жана жалаалары негизинен бул демилгенин айтылгандай «достук» боюнча эмес, Түркияга карата кастык  боюнча курулууга аракет кылынган союздаштык кыймылы экендигин көрсөтүүдө.

Түркиянын аймактагы адамзаттык жана теңдикке таянган саясаттарын сынга алуу, өз талаптары менен эсептери үчүн козголоңчуларга кучак жайып Ливиянын туруксуздукка жетеленишине жол ачкандардын, Сирия менен Иракты бөлө турган террор коридорун түзүүгө аракет кылгандардын жана Азербайжан жерлеринин оккупацияланышына көптөгөн жылдар үн чыгарбагандардын иши эмес».

Түркия эл аралык бир конференция сунушу менен Чыгыш Жер Ортолук деңизинде  кенен масштабдуу кызматташууну түзүүгө аракет кылып жаткан мезгилде Түркияга каршы болуп жаткан бул мамиленин душмандык экендигин жана Европа Биримдигинин Жер Ортолук деңиз үчүн биримдик аракеттерин да балталагандыгын айткан Аксой : «Греция  - Рум тарабынын Европа Биримдигинин талапкер өлкө Түркия менен түзүүгө аракет кылган оң күн тартибине тоскоол болуушу жана башкалардан жардам күтүү менен саясат жүргүзүшү, аймагыбызда тынчтык жана туруктуулукту коркунучка салууда. Греция  - Рум тарабын, форумга катышкан башка өлкөлөрдү да башкалардын оюндары үчүн курмандыкка чалынбоого чакырабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар