Мевлүт Чавушоглу : "Түркия Булуң өлкөлөрүндө биримдик жана коопсуздукту колдойт"

Чавушоглу расмий сапар менен барган Оманда тышкы иштер министри Сайид Бадр бин Хамад бин Хамуд аль Бусаиди менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс конференцияда сөз сүйлөдү.

1581043
Мевлүт Чавушоглу : "Түркия Булуң өлкөлөрүндө биримдик жана коопсуздукту колдойт"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өлкөлөр арасындагы калыбына келүү процессин ыраазычылык менен кабыл алган Түркиянын Булуң өлкөлөрүндө биримдик, бейкуттук жана коопсуздукту колдогондугун белгиледи.

Чавушоглу расмий сапар менен барган Оманда тышкы иштер министри Сайид Бадр бин Хамад бин Хамуд аль Бусаиди менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс конференцияда сөз сүйлөдү.

Чавушоглу Президент Режеп Таййип Эрдогандын Оман Султаны Хейсем бин Тарык бин Теймур Аль Саидге чакыруу жолдой тургандыгын айтып, кесиптеши менен түшүмдүү жана ачык жолугушуу өткөргөндөрүн билдирди.

Чавушоглу : «Саясий, экономикалык жана соода мамилелерибизди өркүндөтүү боюнча макулдаштык»,- деди.

Чавушоглу кесиптеши менен  аймактык жана эл аралык  жагдайлар тууралуу да сүйлөшкөндөрүн белгилеп  Түркиянын Омандын «көз карандысыз жана калыс тышкы саясатын» ыраазычылык менен кабыл алгандыгын, Мускат башкаруусунун аймакта акылдуулуктун үнү болгонун айтты.

Чавушоглу Булуң Кызматташтык Кеңшинен кийин абалдарды да карап чыгышкандарын, Түркиянын  Булуң Кызматташык Кеңешинин стратегиялык өнөктөшү экендигин белгиледи.

«Өлкөлөр арасында калыбына келүү процессин ыраазычылык  менен  кабыл алган Түркия Булуң өлкөлөрүндө биримдик, бейкуттук жана коопсуздукту колдойт»,- деген Чавушоглу ошол эле учурда Оман жана Түркиянын Палестина, Сирия жана Ливия тууралуу окшош көз караштарга ээ болушунан ыраазы экендерин айтты.

Министр Чавушоглун Оманда тосуп алуудан кубанычтуу экендигин белгилеген Бусаиди да : «Бул сапарда эки өлкөнүн ортосундагы жакшы жана атайын эки тараптуу карым  - катншатарыбызга оң жана  пайдалуу болгон отурумд өткөрдүк. Бул карым  - катнаштарды өзгөчө экономикалык, соода, туризм жана маданий тармактарда дагы да өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу сүйлөштүк»,- деди.

Бусаиди да Чавушоглу менен жолугушуусунда аймактык жана эл аралык орток маселелерди карап чыгышкандарын айтып, бул темаларга карата көз караш жактан чоң өлчөмдө жана ушуга окшогон маселелердин чечилишинде орток аракетке колдоо көрсөтүү боюнча макулдашкандарын белгиледи.

Ковид  - 19  эпидемиясы менен күрөшүү тууралуу пикир алышууларда болушкандарын да белгилеген Бусаиди бул тууралуу Түркия менен кызматташуунун бар экендигин жана маалымат бөлүшкөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар